Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Россиянын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин Президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

«Достук, өнөктөштүк жана союздаштык принциптерине негизделген боордош орус-кыргыз мамилелерин чыңдоого Сиздин дайыма көңүл буруп жатканыңызды белгилегим келет.

Соода-экономикалык, инвестициялык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык ийгиликтүү өнүгүп жатат. Энергетика, өнөр жай, жогорку технологиялар жана башка тармактарда келечектүү долбоорлор ишке ашырылууда», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Россиянын Өкмөтүнүн Төрагасы Президент Садыр Жапаровго бекем ден соолук, бакыт жана анын жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө жаңы ийгиликтерди каалады.

2021-жыл 6-декабрь