Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетине электрондук документ айлантууну киргизүүнү тездетүү тапшырмасын берди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйналышында электрондук документ айлантууну киргизүүнү тездетүү тапшырмасын берди.
Мамлекет башчысы электрондук документ жүгүртүү тутумуна өтүү жөнундө документке кол коюуга даяр экенин, бирок Министрлер Кабинети бул жаңылыкка даяр эместигин белгиледи.
«Даяр болушуңуздар үчүн мен он беш күн убакыт беремин. Анткени, алдыда жаңы жыл келе жатат, онуна чейин каникул», - деди Президент. Ошондой эле, ал окуулар боюнча Президенттин Администрациясынын жана Санариптик өнүгүү министрлигинин тийиштүү адистерине кайрылууну сунуштады.
Аны менен бирге, Президент белгилегендей, электрондук документ жүгүртүү менен катар эле кагаз менен иштөө тартиби да калат, бирок алты ай аралыгында гана.
«1-июлдан баштап сиздерге кагаз сатып берүүнү токтотобуз. Ошол үчүн июлдун биринен баштап электрондук документке, электрондук кол коюуга өтүшүбүз керек», - деп кошумчалады ал.
Садыр Жапаров акыркы он ай ичинде эле өлкө боюнча 840 миң таңгак кагаз сатылып алынганын, бул миң тоннага жакын экенин билдирди.
«Ошондуктан биз кагаз иштеринен кетишибиз керек», - ддеи Президент Садыр Жапаров. Мамлекет башчысы Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышына да электрондук документ жүгүртүүгө өтүүнү сунуштады.

2021-жыл 25-декабрь