Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров КМШга катышуучу-мамлекеттердин жетекчилеринин бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына учуп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу-мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн иш сапары менен Санкт-Петербург шаарына (Россия Федерациясы) учуп кетти.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында:

— тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;

— Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гульнара-Клара Самат.

2021-жыл 28-декабрь