Польша Республикасынын Президенти Анджей Дуда Польша Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго жана Кыргыз Республикасынын жарандарына Жаңы жыл майрамына карата эң жакшы каалоо-тилектерин жолдоду.
«Келе жаткан 2022-жыл бардык гүлдөп-өнүгүүнү жана мамлекеттерибиздин ортосундагы достук мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнү, ошондой эле эл аралык форумдардагы кызматташууну улантсын», — деп айтылат куттуктоодо.