Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев расмий сапар менен Кыргызстанга келет

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев 26-майда Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келет.

Алдыдагы визит алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр болот. Өлкө лидерлери тар жана кеңири курамда эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү жолго коюунун жана өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.
Мындан тышкары эки тараптуу мүнөздөгү бир катар документтерге кол коюлат.

2022-жыл 20-май