Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Санарип Кыргызстан 2019-2023» Cанариптик трансформациянын концепциясын ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча жумушчу топ түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Санарип Кыргызстан 2019-2023» Cанариптик трансформациянын концепциясын ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн жумушчу топ түзүү боюнча буйрукка кол койду.

Мамлекет башчысынын буйругу:

«Санарип Кыргызстан 2019-2023» Санариптик трансформациянын концепциясын ишке ашыруу боюнча Жол картасынын долбоорун иштеп чыгуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын

14-декабрындагы № 2 «Кыргыз Республикасын санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» чечиминин 6-пунктуна ылайык аны ишке ашыруу процессине мониторинг жүргүзүү жана баа берүү максатында:

«Санарип Кыргызстан 2019-2023» Санариптик трансформациянын концепциясын ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча жумушчу топ (мындан ары — Жумушчу топ) төмөнкү курамда түзүлсүн:

Сагынбаев Дамир Казакович        —       Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы, жумушчу топтун жетекчиси;

Догоев Дастан Давлетович   —       Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;

жумушчу топтун мүчөлөрү:

Абдралиева Гулмира Курманбековна   —       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы,

Турдалиев Эдуард Климович       —       Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси;

Кутнаева Нурия Асылбековна —   Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасынын директору;

Абдуллаев Талант Тынычбекович —      Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директору;

Нурматов Байыш Нурматович —   И. Раззаков атындагы Мамлекеттик техникалык университетинин электроника жана телекоммуникация институтунун маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана маалыматтык коопсуздук изилдөө-талдоо борборунун жетекчиси;

Исмаилов Алтынбек Джапарович —       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы «Жогорку технологиялар паркы» мамлекеттик мекемесинин директору;

Рысалиев Иманкадыр Зарлыкович         —       «Ачык Өкмөт» (OGP) эл аралык уюмунун катчылыгынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);

Маматкеримова Гульмира Рысбековна —        Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Соттук реформа боюнча кеңештин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Темир Казыбай —         Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Санариптик трансформациялоо маселелери боюнча эксперттик кеңештин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Куренкеев Айбек Суербекович —  Кыргыз Республикасынын Байланыш операторлор ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);

Байкулова Ирина Султановна       —       «Интернет саясатынын жарандык демилгеси» коомдук фондунун директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);

Шаршеева Аида Шеримбековна   —       «Digital Casa Кыргыз Республикасы» долбоорунун менеджери (макулдашуу боюнча);

Шахин Татьяна Николаевна —       «Digital Casa Кыргыз Республикасы» долбоорунун стратегиялык коммуникациялар жана санариптик лидерлик боюнча координатору (макулдашуу боюнча);

Сагындыков Турат Арстанбекович        —       Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча секторунун инспектору.

Жумушчу топко белгиленген тартипте төмөнкү укуктар берилсин:

— ишке мамлекеттик органдардын жана уюмдарынын эксперттерин, консультанттарын, адистерин тартууга;

— коюлган милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик органдардан материалдарды суроого жана жардам алууга.

Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына жүктөлсүн.

2018-жыл 24-декабрь