Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Нурбек Мамбетакунов Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Мамбетакунов Нурбек Тельманович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп дайындалды.

Президенттин башка буйругу менен Коомбаев Закир Казымкулович Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусунун орун басары болуп дайындалды.

2019-жыл 5-март