Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков борбордук жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилерин тартиптик жазага тартуу жөнүндө буйруктарга кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 24-январындагы № 1 чечиминде көрсөтүлгөн сунуштамаларды аткаруунун алкагында Кыргыз Республикасынын борбордук жана башка мамлекеттик органдардын бир катар жетекчилерин тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө буйруктарга кол койду.

Мамлекет башчысынын буйругуна ылайык, 2018-жылдын 14-декабрындагы № 2 «Кыргыз Республикасын санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» чечимин аткаруудагы жетишсиз иши үчүн эскертүү түрүндө тартип жоопкерчилигине тартылат:

— Улугбек Марипов — Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын төрагасы;

— Зайырбек Эргешов — Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору;

— Акылбек Султанов — Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы;

— Бакытбек Сагынбаев — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун милдетин аткаруучусу.

2020-жыл 5-февраль