Курманов Абдулазим Айдарович Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин башка буйругу менен ал Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы кызматынан бошотулду.