Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына  өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Кабыл алынган мыйзам 2012-жылы 8-августтагы № 147 «Кыргыз Республикасында сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын,  Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Сот реформасы боюнча кеӊештин сот түзүлүшүн реформалоого багытталган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн эксперттик жумушчу топтун ишмердигинин алкагындагы чечимдерин жүзөгө ашыруу максатында иштелип чыккан.

Сот адилеттигинин натыйжалуулугун жана сапатын арттыруу, соттордун кадрдык, финансылык жана  материалдык-техникалык камсыздандырууну өркүндөтүү максатында кабыл алынган мыйзам менен аскер соттору жоюлат. Бул чечимди кабыл алуу үчүн төмөнкү негиздер бар.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылы 8-августтагы № 147 Жарлыгынын негизинде кабыл алынган,  Кыргыз Республикасынын сот системасын мындан ары реформалоо боюнча макулдашылган сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Комиссиянын рекомендацияларынын 3.2.1. бөлүгү менен Кыргыз Республикасынын аскер сотторун жоюу каралган.

Андан тышкары, коррупция менен күрөшүү боюнча аракеттердин Стамбул планынын 2012-жыл  24-февралындагы пленардык жыйынында бекитилген   Кыргыз Республикасынын экинчи раундунун мониторингинин отчетунда тийиштүү иштерди башка сотторго берүү менен аскер сотторун жоюу боюнча Кыргыз Республикасы үчүн тикелей рекомендация берилген.

Жергиликтүү соттордун 2015-жылга бюджети 724 млн 973 миң  500 сом болсо (жергиликтүү судьялардын 387 штаттык бирдиги үчүн), ал эми аскер сотунун бюджети 24 млн 445 миң 300 сом болгон (аскер судьяларынын 14 штаттык бирдиги үчүн).

Бюджеттен жалпы чыгымдары:

- жергиликтүү соттун 1 судьясынын ишин камсыздоого чыгымдар (өзүнүн,  катчысынын, жардамчысынын айлыгы, кеӊсе кызматкелеринин айлыгы жана башка чыгымдар (кеӊсе буюмдары, ремонт, коммуналдык кызматтар, почта каттары ж.б) болжол менен 1 млн 873 миң 317 сомду түзөт (салыштыруу иретинде: 2013-жылы 788 миң 527 сом);

- аскердик соттун 1 судьясынын ишин камсыздоого чыгымдар ошол эле максаттарга 1 млн 746 миң 093 сомду түзөт (2013-жылы 1 млн 389 миң 878 сом).

Кыргыз Республика Аскер сотунун судьясына 2012-жылы 21 иш (айына 1,7 иш),  2013-жылы  11 иш туура келген.

Салыштыруу иретинде: Бишкек шаар сотунун судьясына 133,6 иш (айына 11,1 иш) туура келген.

Бишкек гарнизонунун аскер сотунун судьясына 2012-жылы 123 иш (айына 10,2 иш) туура келсе, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясына 907,7 иш (айына 75,6 иш) туура келген.

Бул цифралар аскер сотторунун ишинин натыйжалары аларга кеткен финансылык чыгымдарды актай бербесин далилдейт.

Аскер соттору караган биринчи кезекте жазык иштеринин ушунча аз саны  Кыргыз Республикасынын азыркы Жазык кодекси аскер кылмыштарынын болгону 18 курамын камтый тургандыгы менен байланышкан. Ага кошумча аскер кызматчылары жасаган кандай гана болбосун кылмыштар боюнча жазык иштери да аскер сотторунун соттоосуна тиешелүү болуп саналат. Аталган иштердин категориясы атайын жол-жоболорду талап кылбастан туруп, кылмыш жасалган жери боюнча жергиликтүү соттор караса да болот.

Аскер сотторунун судьялары аскер кызматчылары болуп саналышат, демек, аскер администрациясынын баш ийүүсүндө болуу менен аскер наамын алуу маселесинде Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жетекчилигине көз каранды болушат. Бул судьялардын көз карандысыздык жана Конституция менен мыйзамдарга гана баш ийүү принцибине карама-каршы келет.

Кабыл алынган мыйзам менен республиканын аскер сотторунун судьяларынын штаттык бирдигин иштери абдан жыш Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторуна берүү каралган (мыйзамга тиркемеге ылайык). Ошондой эле аскер сотторунун аппарат кызматкерлеринин штаттык бирдигин республиканын жергиликтүү сотторунун аппарат түзүмдөрүнө берүү каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчкө кирет.

2016-жыл 27-декабрь