Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө” Жарлыктарга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө” үч Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин эки Жарлыгы Кыргыз Республикасынын жарандыгына 188  адамды кабыл алуу тууралуу, алардын басымдуу бөлүгү этникалык кыргыздар – тарыхий мекенине кайтып келген Өзбекстан Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын мурдагы жарандары.

Кыргыз Республикасынын Президентинин дагы бир Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жарандыгынан 97  адам чыгарылат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 24-январындагы № 6 “Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө” Жарлыгынын тексти

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 24-январындагы № 7 “Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө” Жарлыгынын тексти

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 24-январындагы 8 “Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө” Жарлыгынын тексти

2017-жыл 26-январь