Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Казакстан менен тарифтик саясаттын негиздерин кошуп алганда, Темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууну жөнгө салуу тартибин колдонуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы  менен Казакстан Республикасынын  ортосундагы тарифтик  саясаттын негиздерин  кошуп алганда, Темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууну жөнгө салуу тартибин колдонуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 28-июнунда  кабыл алынган.

Жогоруда аталган Макулдашуунун максаты жана милдети   Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы темир жол катташууларын  жакшыртуу жана эл аралык жүк ташуулардын көлөмүн арттыруу, ошондой эле  Евразия экономикалык бирлигинин алкагында эл аралык ташуулар  үчүн  ыңгайлуу  шарттарды түзүү болуп саналат.

Макулдашуу  тарифтик саясатты камтыган  темир жол транспортунун тейлөө кызматтарынын мүмкүндүгүн жөнгө салуу тартиби (2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин № 24-тиркемесиндеги  №2-тиркемеси), ошондой эле Кыргыз Республикасына/ Республикасынан Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу  темир жол транспорту  менен ташылуучу жүктөргө коюлган бир түрдөгү баалар жөнүндөгү Келишимди мөөнөтүнөн мурда колдонуу.

Казакстан Республикасынын аймагы боюнча унификацияланган тарифти колдонуу Кыргыз Республикасына/ Республикасынан темир жол аркылуу ташылчу жүктөргө Казакстан Республикасы буга чейин колдонгон транзиттик тарифке караганда кыйла арзан.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2017-жыл 28-июль