Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 29-июнунда  кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жер кодексиндеги айрым кемчиликтерди жана ажырымдарды жоюуга жана аларды Кыргыз Республикасынын укук ченемдик актыларына  ылайык келтирүүгө багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2017-жыл 28-июль