Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына  өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 22-июнунда  кабыл алынган жана өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын  мындан ары сактоону камсыз кылууга багытталган.

“Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө” колдонуудагы мыйзам аталган баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, өсүүсүн токтотууга чейин зыян келтирүүгө, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, буюмдарды жасоого, экспорттоого  10 жылга тыюу салат.  Мыйзам  2007-жылдын 20-февралында күчүнө кирген. Демек, 2017-жылдын 20-февралында жогорудагы өзгөчө баалуу дарактардын породаларын кыюуга тыюу салуу  мөөнөтү аяктайт.

Ошого байланыштуу  аталган Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, буюмдарды жасоого, экспорттоого тыюу салуу мөөнөтү 2030-жылга чейин узартылат. Ошол эле учурда  токойлорду коргоо, сактоону, токойлордун продуктивдүүлүгүн жана кайра өндүрүүнү жогорулатуу үчүн өзгөчө баалуу дарактар породаларын кыюу ишин компенсациялык чараларды көрүү  менен жүргүзүү белгиленген. Ага ылайык, кыйылган бир дарактын ордуна тиешелүү породадагы 100 дарактын көчөтүн  олтургузуу зарыл.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2017-жыл 28-июль