Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-августта кол койгон Жарлыктын негизинде Султанбекова Чолпон Аалыевна мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалды.