Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө” Мыйзамына кол койду.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган.
Аталган Мыйзам менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети кирешелер боюнча 14230,3 млн. сом суммасында жана чыгашалар боюнча 14230,3 млн. сом суммасында бекитилди.
Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.