Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга көмөк көрсөтүү” долбоору боюнча гранттык Макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2011-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган “Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга көмөк көрсөтүү” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы гранттык Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду

Мыйзам Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кенеши тарабынан 2012-жылдын 12-январында кабыл алынган.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 25-январь