Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияcынын директору дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгына ылайык, Жумабаев Абдилатиф Кудайкулович Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик  комиссиясынын директору болуп дайындалды.

Мамлекет башчысынын дагы бир Жарлыгы менен Шаршенов Ормон Шаршенович Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик  комиссиясынын директорунун кызматынан бошотулду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 24-январь