Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин маселелери жөнүндө» Жарлыкка кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин маселелери жөнүндө» Жарлыкка кол койду, ага ылайык, «Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин курамы бекитилди, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 15-сентябрындагы №240 «Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин маселелери жөнүндө» Жарлыгы күчүн жоготту деп табылды.

Бул жарлык  расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 20-январь