Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын сот системасын андан ары реформалоо боюнча макулдашылган сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Комиссия түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаев « Кыргыз Республикасынын  сот системасын андан ары реформалоо боюнча макулдашылган сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Комиссияны түзүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Бул  Жарлыкка ылайык, сот системасын реформалоо боюнча  макулдашылган иштин, муну менен бирге  узак мөөнөттүү  жана ар тараптан ойлонуштурулган чечимдерди иштеп чыгуунун өтө зарылдыгын көңүлгө алуу менен, Кыргыз Республикасынын  сот системасын реформалоо боюнча макулдашылган сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Комиссия түзүлдү жана Комиссия жөнүндө Жобо бекитилди.
Комиссиянын курамында  мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлик бутактарынын, мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү бар. Комиссияны “Ата Мекен” депутаттык фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жетектейт.

Комиссия  өлкөдө ишке ашырылып жаткан сот реформасынын артыкчылыктуу багыттары боюнча сунуштарды, мамлекеттик  органдардын, Жогорку Соттун, Соттордун кеңешинин жана Сотторду тандоо боюнча Кеңештин сот бийлик бутагын реформалоо боюнча  макулдашылган   ыкмаларды иштеп чыгуу, сот системасынын ишмердигин,  соттордун статусун жана сотту ишке ашырууну,  ошондой эле  ушул маселелерге  тиешелүү укук коргоо органдарынын жана адвокатуранын проблемаларын жөнгө салуучу   мыйзам  актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү  боюнча макулдашылган аракеттерин иштеп чыгуу  максатында  түзүлдү.
Бул Жарлык расмий жарыяланган  күндөн баштап күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 18-январь