Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент бир катар Жарлыкка кол койду

Бүгүн, 2012-жылдын 11-январында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бир катар Жарлыктарга кол койду. Жарлыктарга ылайык төмөндөгүлөр кызматынан бошотулду:
-Макеев Төлөндү Картаңбаевич Германия Федеративдүү Республикасынын Берлин шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы, ошондой эле Швеция Королдугундагы, Дания Королдугундагы жана Ыйык тактыдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан;
-Орозбаев Турдали Россия Федерациясынын Сибирь жана Урал федералдык округдарын камтыган консулдук округу менен Екатеринбург шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулу кызматынан;

-Мокеев Анварбек Мокеевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, Өмүралиев Кубанычбек Касымович Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Башкы консулу болуп дайындалды.


Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 11-январь