Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 3-беренесин жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алуу менен төмөнкүлөргө токтом кылынды:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын
15-октябрындагы №330 “Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигин түзүү жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2. Агенттиктин чогуу уюштуруучулары катары: Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын айылдык жана поселкалык жергиликтүү башкаруу органдарынын Ассоциациясынын юридикалык жактарынын бирикмеси, "Каунтерпарт-Шериктеш" коомдук бирикмеси аныкталсын.”.
Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин пресс-кызматы