Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын экс-президенти Р.И.Отунбаева жөнүндө Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыгы менен «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык  төмөнкүлөргө токтом кылынды:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы 2011-жылдын 1-декабрынан баштап:
1) Кыргыз Республикасынын экс-президенти
Р.И.Отунбаеваны төмөнкүлөр менен камсыз кылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин айлык эмгек акысынын 75 пайыз өлчөмүндө акчалай күтүүнү, муну менен акчалай күтүүнүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Президентинин айлык акысынын өсүшүн эске алуу менен жогорулай тургандыгы аныкталсын;
- Кыргыз Республикасынын аймагында өкмөттүк байланыш жана байланыштын башка түрлөрүн;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Дарылоо-ден соолукту чыңдоо бирикмесинде медициналык тейлөөнү;
2) Кыргыз Республикасынын экс-президентине төмөнкүлөр бекитип берилсин:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Мамлекеттик №1 резиденциясында мамлекеттик дача өмүр бою пайдалануу укугу менен;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Автотранспорт бирикмесинин айдоочусу менен белгиленген ченемге ылайык күйүүчү-майлоочу материалдар жана техникалык тейлөөсү менен.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын экс-президентин Кыргыз Республикасынын чегинде мамлекеттик күзөт жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган чаралардын толук көлөмүндө  мамлекеттик күзөт менен камсыз кылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) Кыргыз Республикасынын экс-президентин Кыргыз Республикасынын аймагында аэропорттор менен аэровокзалдардын, темир жол вокзалдары менен станциялардын расмий адамдар жана делегациялар үчүн залдарынан акысыз пайдалануу укугун камсыз кылсын;
2) республикалык бюджетте ушул Жарлыктан келип чыккан мамлекеттик органдардын чыгымдарын карасын.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин пресс-кызматы   

2011-жыл 2-декабрь