Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агенттиктин директору дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин кол койгон  буйругуна ылайык, Зулпуев Саидбек Мейраждинович Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агенттиктин (БКУКРА) директору болуп дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин дагы бир буйругунун негизинде Шаршекеева Каныш берген арызына ылайык Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агенттиктин (БКУКРА) директорунун кызматынан бошотулду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 17-январь