Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

КР Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы менен КР Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары Байназаров Сабырбек Нуркулович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары кызматынан бошотулду.

Мамлекет башчысынын башка Жарлыгы менен Илмиянов Икрамжан Саттарович Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин пресс-кызматы

2011-жыл 6-декабрь