Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Акматов Таштанбекке «Ак-Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды

2013-жылдын 12-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө кошкон зор салымы, талыкпас эмгектин эң мыкты үлгүсүн көрсөткөндүгү үчүн мамлекеттик жана коомдук ишмер, фермер, иштерман Акматов Таштанбекке «Ак-Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды.

2013-жыл 13-март