Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жергиликтүү соттордун судьяларын бошотуу жана дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол коюлду

2013-жылдын 3-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын бошотуу жана дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол койду.

Нарын облустук сотунун судьялык корпусу жаңыланды. Конкурстук тандоодон облсоттун иштеп жаткан 3 судьясы гана өттү, бул облустук соттун штат боюнча  10 судьясынын үчтөн бирин (30%) түзөт. Мурда сот тутумунда иштебеген экөөнү кошкондо, жаңы 5 судья келди.

Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын Президентине Нарын облустук сотунун судьялык кызматына дайындоо үчүн талапкерлер боюнча сунуштар киргизилген.

Конкурстук тандоонун жыйынтыктарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Президенти 4 жарлыкка кол койду.

Биринчи жарлык менен 2013-жылдын 3-апрелинен тартып биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялыгына төмөндөгүлөр дайындалышты:

- Абдыбеков Алдаярбек;

- Амиракулова Замира Тилебалдыевна;

- Асанбаев Нуркалый Жумабекович;

- Байышов МирланБайышович;

- Орозалиев Алмазбек Касыевич;

- Сарымсаков Усенбек Жумашович;

- Ташмамбетов Туратбек Торуевич;

- Эсенбаев Бердибек.

Экичи жарлык менен жергиликтүү соттун 8 судьясы 2013-жылдын 3-апрелинен баштап Нарын облустук сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн төмөндөгүлөр жиберилди:

- Абдыбеков Алдаярбек;

- Амиракулова Замира Тилебалдыевна;

- Асанбаев Нуркалый Жумабекович;

- Байышов МирланБайышович;

- Орозалиев Алмазбек Касыевич;

- Сарымсаков Усенбек Жумашович;

- Ташмамбетов Туратбек Торуевич;

- Эсенбаев Бердибек.

Үчүнчү жарлык менен Нарын облустук сотунун иштеп жаткан төмөнкү судьялары толук курамында (8 судья) облустук соттун судьялык кызматынан бошотулду:

- Аббасов Султанбек Анварбекович;

- Абдыбеков Алдаярбек;

- Амиракулова Замира Тилебалдыевна;

- Байышов Мирлан Байышович;

- Керимкулова Айнакул Токтогуловна;

- Сыдыков Советбек Кемелович;

- Шайзындаев Арстанбек Аскарбекович;

- Эшалиев Анарбек Ажибекович.

Төртүнчү жарлык менен судьялык кызматка дайындалган жана Нарын облустук сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилген иштеп жаткан жергиликтүү соттун 3 судьясы тиешелүү жергиликтүү соттун судьялык кызматынан бошотулду.

- Асанбаев Нуркалый Жумабекович – Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Нарын облусунун Кочкор райондук сотунун судьясынын  ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;

- Сарымсаков Усенбек Жумашович - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Чүй облусунун Кемин райондук  сотунун төрагасынын  ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;

- Эсенбаев Бердибек - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Нарын облусунун Нарын райондук сотунун  төрагасынын  ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

2013-жыл 4-апрель