Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Баткен облустук сотунун судьялар корпусу жаңыланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын бошотуу жана дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол койду

Баткен облустук сотунун судьялык корпусу жаңыланды. Жаңы курамга конкурстук тандоодон облсотунун иштеп жаткан 10 судьясынын 3 өттү (30%). Мурда сот системасында иштебеген 4 судьяны кошкондо жаңы 5 судья келди.

Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын Президентине 2013-жылдын 22-апрелинде Баткен облустук сотунун судьялык кызматына дайындоо үчүн 10 талапкер боюнча сунуш киргизген.

Колдо болгон материалдарды изилдөөнүн негизинде жана алардын ар бири менен аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын эске алып, мамлекет башчысы сунуш кылынган 2 талапкер боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңешине кайтарып берди жана 8 талапкер боюнча бул кеңештин сунуштарына макул болду.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти 4 жарлыкка кол койду.

Биринчи жарлык менен конкурс менен тандалып алынган 8 талапкер Конституцияга ылайык 2013-жылдын 30-апрелинен баштап биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө жергиликтүү соттордун судьялыгына дайындалышты:

- Аданбаев Зарипбек Максутович;

- Айжигитов Бостонбай Абдрашитович;

- Алибаев Бактыяр Маликович;

- Жороев Султангазы Золотунович;

- Карабаев Сооронбай Уркунбаевич;

- Нарынбаев Таштанбек Пахирович;

- Түмөнов Алтынбек Жаныбаевич;

- Толубаева Уулча Мейманалиевна.

Экичи жарлык менен жергиликтүү соттун дайындалган 8 судьясы 2013-жылдын 30-апрелинен баштап Баткен облустук сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

- Аданбаев Зарипбек Максутович;

- Айжигитов Бостонбай Абдрашитович;

- Алибаев Бактыяр Маликович;

- Жороев Султангазы Золотунович;

- Карабаев Сооронбай Уркунбаевич;

- Нарынбаев Таштанбек Пахирович;

- Түмөнов Алтынбек Жаныбаевич;

- Толубаева Уулча Мейманалиевна.

Үчүнчү жарлык менен 2013-жылдын 30-апрелинен баштап Баткен облустук сотунун иштеп жаткан төмөнкү судьялары толук курамында (6 судья) кызматынан бошотулду:

- Адинаев Азизбек Имаржанович;

- Айжигитов Бостонбай Абдрашитович;

- Карабаев Сооронбай Уркунбаевич;

- Нарынбекова Айсалкын Омуралиевна;

- Толубаева Уулча Мейманалиевна;

- Шеров Турдубай Джумабаевич.

Төртүнчү жарлык менен Нарынбаев Таштанбек Пахирович, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Баткен  облусунун Лейлек райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн бошотулду.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

2013-жыл 2-май