Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Карыздык милдеттенмелерди конверсиялоо III-Коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү” долбоору боюнча келишим ратификацияланды

Кыргыз  Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  “2012-жылдын 11-декабрында Берлин шаарында кол коюлган Кыргыз  Республикасы менен KfW, Франкфурт–на-Майне ортосундагы “Карыздык милдеттенмелерди конверсиялоо III-Коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү” долбоору боюнча карыздык милдеттенмелерди  алмаштыруу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 13-июнунда  кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы  жогоруда аталган Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө KfWга билдирүүгө милдеттендирилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 27-июнь