Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында азыркы мамлекеттик миграциялык саясатты түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаевдин кол койгон буйругуна ылайык, 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында, эксперттик коомчулуктун сунушун көңүлгө алып, азыркы мамлекеттик миграциялык саясатты түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлдү.

Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына белгиленген тартипте жумушчу топко маалыматтык жана башка жагынан көмөк көрсөтүү тапшырылды. 

 

2013-жыл 8-июль