Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Мыйзамга толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 30-майында кабыл алган.

Ал юридикалык жактарды каттоо маселелерин иретке келтирүү максатын көздөйт жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамдын 6-беренесинин 3-бөлүгүнө толуктоо киргизүүнү карайт. Ага ылайык түзүлүп жаткан (кайра аталган) юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдердеги өздөрүнүн аталыштарында тиешелүү түрдө кыргыз жана орус алфавиттеринин тамгаларын гана, ал эми англис тилинде – латын алфавитинин тамгаларын пайдаланууга тийиш.

Кабыл алынган мыйзамдын 2-беренесине ылайык, ушул мыйзам күчүнө киргенге чейин катталган (кайра катталган) юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) аталышында башка алфавиттердин тамгалары жана иероглифтери болсо, мамлекеттик кайра каттоодо ушундай аталышты пайдалануу укугун сакташат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 12-июль