Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы реадмиссия жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол коюлду

Бүгүн, 2013-жылдын 12-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2012-жылдын 11-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы реадмиссия жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамга кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 27-июнунда кабыл алган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги россиялык тарапка Кыргыз Республикасы жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткарганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 12-июль