Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2013-жылдын 26-февралында Бишкек шаарында кол коюлган “Айылды суу менен камсыздоо жана санитария экинчи долбоорун” (№ TF 013105) кошо каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамга кол койду.
Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 27-июнунда кабыл алган.
Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине белгиленген тартипте Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына Кыргыз Республикасы жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуу-каттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткарганы жөнүндө кабарлоо тапшырылды.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Мыйзамдын тексти >>>.