Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 30-майында кабыл алынган.

Ал Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана жерлерди бир категориядан башкасына же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) укуктук негиздерин, шарттарын жана тартибин аныктайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 19-июль