Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 30-майында кабыл алган.

Ал баалуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин кыйла баалуу түрлөрүнө, айыл чарба жерлеринин баалуулугу теңдеш түрлөрүн – бир түрдөн башкасына которуу максатын көздөйт.

Алсак, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (15-беренесине) жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (9-беренеге) тиешелүү толуктоолор киргизилген. Алар менен райондук мамлекеттик администрациянын компетенциясына кыйла төмөн айыл чарба жерлерин кыйла баалуу түрлөрүнө, айыл чарба жерлеринин баалуулугу теңдеш түрлөрүн – бир түрдөн башкасына которуу кирет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

2013-жыл 19-июль