Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 6-июнунда кабыл алган.

Ошентип, “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы 21-1 жаңы беренеси менен толукталган. Ал жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдөрдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө пайдаланылуучу кирешелердин же башка келип түшүүлөрдүн конкреттүү түрлөрүнөн чегерүүлөрдүн жана максаттуу багыттагы башка конкреттүү иш-чараларды жүзөгө ашыруунун эсебинен мыйзамдарга ылайык түзүлгөн акча каражаттарынын эсебинен Региондорду өнүктүрүү фондун түзүүнү карайт.

Ошондой эле “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 19-3 беренеси жаңы редакцияда баяндалган. Анда региондорду (облустарды жана райондорду) өнүктүрүү фонддоруна жана жергиликтүү бюджеттерге пайдалуу кендер чыккан жерлери боюнча жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдөрдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө аларды иштетүүнү (казып алууну) жүзөгө ашырган жеке жана юридикалык жактардан пайдалуу кендерди сатуудан түшкөн пайдадан 2% өлчөмүндө чегерилери белгиленген. 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 19-июль