Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзамга толуктоо киргизилди

Бүгүн, 2014-жылдын 11-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 5-декабрында кабыл алынган.

«Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзамдын 24-статьясына толуктоо киргизилди, ага ылайык камсыздандыруу салымдарын эсептөөнүн жана төлөөнүн бирдиктүү механизми Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 11-январь