Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

2014-жылдын 11-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына  өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 28-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзам  «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын айрым ченемдерин «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүүгө багытталган.  

Аталган  максатка жетүү үчүн «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-статьясында  «жергиликтүү бюджет» деген сөз алынып салынат, ошону менен ички иштер органдарын финансылоо борборлоштурулган тартипте Өкмөт тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылаары аныкталат.

Ошону менен бирге, ушул эле Мыйзамдын 25-статьясында  жергиликтүү мамлекеттик администрациялар (жергиликтүү бийлик органдарынын ордуна)  ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө жана мекемелерине кызмат жайларын, ал эми инспекторлорго – тейлеген участокторунда иш жүргүзүш үчүн жабдылган жайларды, автотранспорт, байланыш каражаттарын  берээри аныкталат.

Андан тышкары, 1-статьяга редакциялык мүнөздөгү   түзөтүү  киргизилет, тактап айтканда «баселкелик» деген сөз «айылдык» деген сөз менен алмаштырылды.

Мыйзам 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 13-январь