Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

2014-жылдын 11-январында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 11-декабрында кабыл алынган.

Кол коюлган Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 11-декабрында кабыл алынган «Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө» Мыйзамынын макулдашылган вариантынын ченемдерине шайкеш келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 372 жана 373 статьяларына өзгөртүүлөрдү киргизет.  КР Салык кодексине   түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу бул мыйзам  ЭЭЗ жөнүндө мыйзам менен бир пакетте кабыл алынган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн  тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Маалымдама: «Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантына  Президент 2014-жылдын 11-январында кол койгон.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 13-январь