Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Дүйшөн Ирсалиев Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары болуп дайындалды

Бүгүн, 2014-жылдын 14-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Ирсалиев Дүйшөн Исмаилович Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.

Ирсалиев Дүйшөн Исмаилович 1963-жылы төрөлгөн.

1985-жылы мугалим адистиги боюнча орус тили жана адабияты педагогикалык институтун бүтүргөн.

1985 - 1987-жылдары Кыргызстан ЛКЖС БКнын  катчысы кызматын ээлеген.

1989 - 1991 – Кыргыз Республикасынын комсомолдук органдарында иштеген.

 1991 - 1996-жылдары «Тулпар» ЖЧК башкы директорунун орун басары кызматын ээлеген.

1997 - 1999 – Бишкек шарынын Биринчи май районунун Социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы кызматын ээлеген.

2000 - 2001 - Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кадрдык жана финансы-чарбалык камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги.

2001 - 2002 – Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик комитетинин аппаратынын жетекчсиси.

2002 - 2004 – Улуттук телерадиокорпорациясынын иш башкаруучусу.

2004 - 2006 - «Винтек» ЖЧК директорунун кызматын ээлеген.

2006 - 2010 - «Нарын» эркин экономикалык зонасынын башкы директору.

2010 - 2011 - «Темир» мамлекеттик ишканасынын башкы директору.

2011 - 2014 - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигине караштуу «Кыргыздипсервис» дипломатиялык сервис мамлекеттик ишканасынын башкы директору.

 
2014-жыл 13-январь