Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизилди

2014-жылдын 11-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 12-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты патент ээлеринин укуктарын, автордук жана чектеш укуктарын кылмыш-укуктук коргоо механизмин өркүндөтүү саналат.

Бул максатты ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине түзөтүү киргизилип, ага ылайык КР Кылмыш-жаза кодексинин 150-статьясында (автордук, чектеш укуктарды жана патент ээлеринин укуктарын бузуу) каралган кылмыштар боюнча иштер жеке-коомдук айыптоо болуп саналат, ал эми мындай иштерди тергөөнүн караштуулугу – экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча органдарынын компетенциясына кирет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 13-январь