Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

2014-жылдын 3-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 25-декабрында кабыл алынган.

Мыйзам эл аралык автомобилдик ташуулар тармагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык макуладашуулардын талаптарын бузган ата мекендик жана чет өлкөлүк автоташуучулардын администрациялык жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган. Мыйзам колдонуудагы мыйзамдагы жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү автомобилдик ташуу эрежелерин бузгандыгы үчүн администрациялык жоопкерчиликти белгилөөдөгү кемчиликтерди  толуктайт.

Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс чет өлкөлүк жана ата мекендик жүк ташуучулар тарабынан эл аралык автомобилдик ташууларды уруксатсыз ишке ашыргандыгы, жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууда кыймылдын белгиленген каттамынан четтегендиги, эл аралык байма-бай эмес жүргүнчү ташууларды автомобиль транспорту менен аткарууда жүргүнчүлөрдүн тизмесинин жок болушу, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан калктуу пункттар ортосунда автомобилдик ташуулардын чет өлкөлүк ташуучулар тарабынан ишке ашырууда, Кыргыз Республикасынын аймагында транспорттук каражаттардын белгиленген салмакгабариттик нормаларын сактабагандыгы, автобекеттер, автостанциялар жана автокассалар тарабынан жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелеринин талаптарын бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчилик караган ченемдер менен толукталат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 4-февраль