Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган Мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу боюнча эксперттик жумушчу топ түзүлдү

2014-жылдын 4-февралында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев кол койгон буйрукка ылайык, «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча эксперттик жумушчу топ түзүлдү.

Эксперттик жумушчу топ 2014-жылдын 1-июлуна чейин иштөө мөөнөтү менен түзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 8-августундагы № 147 «Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына жана анда негиз катары алынган сот системасын андан ары реформалоо боюнча сунуштардын мамлекет кепилдеген акысыз юридикалык жардам көрсөтүү системасын өркүндөтүү бөлүгүнө ылайык буйрукка кол коюлду. 

2014-жыл 5-февраль