Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Автомобиль жолдору жөнүндө» Мыйзамга толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Автомобиль жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 22-январында кабыл алынган.

«Автомобиль жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 39-4-статьясы менен толукталып, ага ылайык автомобиль жолдорун милдеттүү түрдө кепилдик жактан  камсыз кылуу жана эксплуатациялоонун кепилдик мөөнөтү белгиленет.

Ошондой эле, кепилдик мөөнөтү жана кепилдик мөөнөттүн ичинде автомобиль жолдорун куруу иштериндеги кемтиктерди четтетүү боюнча аткаруучунун милдеттенмелери деген  түшүнүк киргизилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Текст Закона >>>

2014-жыл 28-февраль