Бүгүн, 2014-жылынын 12-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын айрым маселелери жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, «Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы жөнүндө жобо жана аны башкаруу схемасы бекитилди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу-укуктук жана башка маселелерди чечүү жана өзүнүн чечимдерин ылайык келтирүү милдети тапшырылды.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.