Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Нурханбек Момуналиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси - министри болуп дайындалды

Бүгүн, 2014-жылынын 4-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Момуналиев Нурханбек Сакеновичти мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотуп, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси - министри болуп дайындоо жөнүндө Жарлыкка кол койду.

2014-жыл 4-апрель