Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республики Президенти Алмазбек Атамбаев «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2014-жылынын 26-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты аскер кызматчыларынын статусун, анын ичинде алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жана аскер кызматынан бошотулган жарандарды социалдык жактан коргоо укуктарын камтыган «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун өркүндөтүү болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 5-апрель