Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Нурдин Урмамбетов Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин директорунун биринчи орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, Урмамбетов Нурдин Токторбаевич Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин директорунун биринчи орун басары болуп дайындалды.

Мамлекет башчысынын башка буйругу менен Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин директорунун биринчи орун басары Касаболотов Жыргалбек Асекович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.

2014-жыл 8-апрель