Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жалал-Абад облусунда автокырсыкта каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүлдү

Бүгүн, 2014-жылдын 15-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, 2014-жылдын 12-апрелинде Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Бишкек-Ош автожолунун 236-километринде автокырсыктын кесепетинен каза болгон Молдожакыпов Нургазы Илимгазиевичтин жана Жоробеков Максат Эсенжановичтин үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан 100 000 (жүз миң) сом бөлүндү.

2014-жыл 15-апрель