Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Баткен облусунда жарылуунун кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга материалдык жардам көрсөтүлдү

Бүгүн, 2014-жылдын 18-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, Баткен облусунун Баткен районундагы Кара-Бак айылдык аймагына караштуу Зардалы айылынын чет жакасында 2014-жылдын 17-апрелинде болгон жарылуучу түзүлүштүн жарылып кетишинин кесепетинен каза болгон Мусурманкул уулу Бекболоттун, Касымаалы уулу Нойгуттун үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн 100 000 (жүз миң) сом жана жаракат алган Жолдошбай уулу Алмазга, Санжар уулу Топчубайга, Касымаалы уулу Түгөлбай жана Үсөн уулу Илимидинге 100 000 (жүз миң) сом Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан бөлүндү.

2014-жыл 18-апрель